Румынияда британ бийлигинин ордеринин негизинде британиялык мурдагы кикбоксчу жана чуулгандуу блогер Эндрю Тейт кармалды. Бул тууралуу бүгүн 12-мартта анын жактоочусу билдирди.
Маалыматта айтылгандай, анын бир тууганы Тристан Тейт да камакка алынды. Бухарест соту аларды Улуу Британияга экстрадициялашы ыктымал.
37 жаштагы блогерди кармоого Улуу Британияда «сексуалдык агрессия» боюнча 2012-2015-жылдардагы окуяга байланыштуу тергелип жаткан иш негиз болгону белгиленди. Ага-иниге «уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, адам аткезчилигине катышкан, зордуктоого барган, кыздарды порнографиялык материал даярдоо үчүн эксплуатациялаган» деген айыптар тагылууда.
Улуу Британиянын жана АКШнын жарандары Эндрю жана Тристан Тейт бул айыптоолорду четке кагышууда.
Алар 2022-жылы декабрда Бухарестте кармалып, үч айдан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Бухарест сотунун маалыматына караганда, төрт киши топтошуп алып, Румыниядан адамдарды АКШга, Улуу Британияга жана башка өлкөлөргө мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүп турушкан.
Интернеттин социалдык түйүндөрүндө миллиондогон катталуучусу бар Эндрю Тейт "аял – эркектин менчиги, ал зордуктоого кабылса, өзү күнөөлүү" деген көз карашын билдирип келген. (RK)
Дагы караңыз
Он бир журналисттин иши: Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбеков беш жылга кесилди Бишкек: Он бир журналисттин соту Тажик бийлигин сындаган дагы бир активист Түркияда жоголду 12-март: Сегиз журналист камакта, Мамипотека үчүн 100 миңдей киши кезекте, экс-министрдин соту