Португалиядагы шайлоодо оңчул партиялар жеңди

Португалиядагы оңчул-борборчул "Демократиялык альянс" партиясынин лидери Луиш Монтенегру жеңиштен кийин тарапташтарынын алдында сүйлөп жатат. 11-март, 2024-жыл. Лиссабон.

Португалиядагы шайлоодо оңчул популистик “Жетишет” партиясы 10-мартта өткөн шайлоодо парламенттеги позициясын төрт эсе бекемдеди. Бюллетендердин 99% саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка ылайык, аталган партия парламенттеги 230 орундун 48ин ээледи.

Оңчул-борборчул "Демократиялык альянс" партиясы үчүн шайлоочудардын 30% добуш берди. Мындай көрсөткүч менен алар парламенттеги 79 орунду аларын айгинелейт.

2015-жылдан бери бийликте турган Социалисттик партия көпчүлүк добушка ээ боло алган жок. AFP агенттиги 11-марттын таңында кабарлагандай, бул партия 77 орунду гана ээлей алат.

Партия лидери Нуну Сантуш жеңилгенин мойнуна алып, оппозицияга кетерин жарыялады.

Былтыр ноябрда Португалиянын премьер-министри Антониу Кошта коррупциялык чуунун жыйынтыгында кызматтан кеткендин кийин парламент таратылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрү жарыяланган.

Анда коррупциялык чууга байланыштуу, беш киши, анын ичинде өкмөт башчынын администрация жетекчиси, Синиш шаарынын мэри жана бир нече ишкер кармалган.

Дагы караңыз

Эрдоган Түркия орус-украин саммитин өткөрүүгө даяр экенин билдирдиХарьковдо орус армиясынын чабуулунан мейманкана талкаландыТоктогул суу сактагычында 7,4 млрд метр куб суу бар“Оскар” киносыйлыгынын кезектеги жеңүүчүлөрү аныкталды