Зеленский папа Францисктин Орусия менен сүйлөшүү сунушун четке какты

Украин президенти Владимир Зеленский жана католик чиркөөсүнүн башчысы папа Франциск. Ватикан. Май, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-марттагы кечки видеокайрылуусунда папа Францисктин Киев менен Москваны сүйлөшүүгө чакырган сунушун четке какты.

Понтификтин сөзүнө мурдараак украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана башка батыш саясатчылары да каяша кылышкан.

"Орусия 24-февралда бул согушту баштаганда, бардык украиндер коргонууга чыгышты. Христиандар, мусулмандар, иудейлер - баары. Мен ар бир украин капелланда - армияда, Коргонуу күчтөрүндө жүргөндөргө ыраазымын. Өмүрдү жана адамзатты коргоп жүрүшөт. Сыйынуусу менен, сөзү менен, иши менен колдоп атышат. Чиркөө деген адамдары менен чиркөө. Эки жарым миң чакырым ыраакта туруп алып, жашагысы келгендер менен өлтүргүсү келгендерге виртуалдык ортомчулук кылуу эмес", - деди украин президенти.

Владимир Зеленский украиндер курал алып, Европаны "орусиялык баскынчылардан" коргоп жатат деп билдирди.

9-март күнү швейцариялык RSI телеканалы папа Францисктин маегинин үзүндүсүн жарыялаган. Анда Фрациск көптөгөн өлкөлөрдөн Киев менен Москвага ортомчулук кылуу сунушу түшкөнүн айткан. Ошондой эле эки өлкөгө бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүүнү сунуштаган.

"Кеч болуп кала электе, сүйлөшүү жүргүзүүдөн уялбагыла. Сүйлөшүү - капитуляция эмес. Бул өлкөнүн жок болуп кетүүсүнө жол бербөө", -деген Франциск.

Францисктин бул сөзүнө Киев жана украин саясатчылары кескин реакция кылышты. Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба "Х" соцтармагында "Ак менен каранын согушунда экөөнү "сүйлөшүү" деген сөз менен теңөөгө аракет кылган адам күчтүү эмес, ак тарапта турган адам күчтүү болот", деп жазып, Францискке тынчтык үчүн сыйынуусуна ыраазычылыгын билдирген. Ал ошондой эле папанын Киевге сапарынан үмүттөнөрүн айткан.

Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский да өзүнүн комментарийин "Х" соцтармагына жазды. Ал Украинада тынчтык орноосу үчүн Путин армиясын чогултуп, Украинадан чыгарып кетүүсү гана керек экенин белгиледи.

Ушундай эле пикирин Латвиянын президенти Эдгардс Ринкевичс да билдирип, жамандыкты жеңип, анын багынып берүүсүнө жетишүү зарылдыгын жазганын "Немис толкуну" радиосу билдирди.

Украин маалымат каражаттары билдиришинче, армиядагы 738 капеллан кызматында учурда 150-165 дин кызматчысы иштейт.

Аскердик капеллан - согушта жоокерлер менен катар жүрүп, диний жөрөлгөлөрдү ишке ашырган дин кызматкери.

Дагы караңыз

Мекаччи: “Чет элдик өкүл” мыйзамы коомдун өнүгүшүнө жолтоо болот "Вечерний Бишкектин" доосу боюнча "Кактус Медианын" журналисти 100 миң сом айыппул төлөдү "Талибан" CASA-1000 долбооруна кошулдуРахмон: Үч жылда 24 тажикстандык 10 өлкөдө теракт жасаган