"Коопсуз коомдо жашагым келет". Бишкектеги акция

8-мартта жылда Бишкекте аялдардын көйгөйүнө көңүл бурууга чакырган жүрүштөр өтүп келе жатат. 

Жөө жүрүштү милиция кызматкерли баштап барышты. 

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаева “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” аталышындагы жөө жүрүштө коомдо зомбулуктун бардык түрлөрү айыпталышы керектигин айтты.

Ал өзү сыяктуу үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар көп экенин белгилеп, аларды зулумдукка жол бербөөгө үндөдү.

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары утур-утур катталып келет. Алсак, былтыр сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салган окуя коомчулукту нес кылган.

Жөө жүрүштүн катышуучулары “Окуган кыз ордун табат”,  “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Коопсуз өлкөдө жашагым келет”, "Эжелерим, сиңдилерим корголсун" деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп чыгышты.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган.

Акциянын айрым катышуучлары кыздары, жаш балдары менен чыгышкан. 

Милициянын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук фактысында 95% жабырлануучулар аялдар болгон.

Кыргызстан калкынын жарымын аялдар түзөт.

Ырчы Зере жөө жүрүштү баштап барды. 

Жөө жүрүшкө 400гө жакын киши катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун февралдын аягында коомдогу адеп-ахлак, каада-салт тууралуу айткан сөзү талкуу жараткан. 
 
Ал Маданият министрлигинин коллегиялык жыйынында кыргыздын каада-салтына туура келбеген маалыматтарды интернетте чектөө керектигин айтып, бул боюнча мониторинг жүргүзүүнү тапшырып, ажырашкан келиндер тууралуу айтканы интернет колдонуучулардын сынына кабылды.

Былтыр Ички иштер министрлигине түшкөн үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 10 миңдей маалымат ырасталып, коргоо ордери берилген.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталып, Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң артта жайгашты. Былтыр октябрда жарыяланган индексте аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна катышы, укуктук дискриминация, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш менен камсыздоо жана зомбулук тобокелдиктери сыяктуу критерийлер эске алынган.