Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн үч аймагында Украинанын алты учкучсуз учагы жок кылынганын 7-мартта билдирди. Учактардын бири Курск облусунда кармалганы, үчөө Брянск облусунда, дагы экөө Тула облусунун аймагында жок кылынганы кабарланды.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
6-мартта Курск облусунун Железногорск шаарындагы Михайлов тоо-кен байытуучу комбинатында украиналык учкучсуз учактын соккусунан кара май сакталып турган жайда өрт чыкканы маалымдалган. Украина Орусиянын бул айыптоосуна комментарий берген эмес.
Украина Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында баштаган толук масштабдуу согушуна каршы күрөшүн улантууда. Орус бийлиги кол салуусун "атайын аскердик операция" деп атап келет. (RK)
Дагы караңыз
Кызамыкка чалдыккандар 5 миңге чукулдадыИбраев майнинг фермалар электрди Орусиядан алып жатканын айттыГазадагы гуманитардык абалдан улам Израилге басым күчөдүУКМК Талас суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчилерин кармады