Украина быйыл да контрчабуул аракетин көрөрү кабарланды

Александр Павлюк.

Украина быйыл да контрчабуул аракетин көрөрүн өлкөнүн жердеги аскерлеринин командачысы Александр Павлюк билдирди. 6-марттагы кайрылуусунда ал азыр аскерлер фронттун алдыңкы тилкесиндеги позицияларын турукташтыруу жана кайра топтошуу аракетинде экенин айтты.

"Биздин максат — фронт тилкесин турукташтыруу, толуктоого муктаж бөлүктөрдү кайра топтоштуруу жана аларды полигондордо калыбына келтирүү үчүн бардык аракетти көрүү аркылуу сокку уруучу топ түзүү жана быйыл контрчабуул жүргүзүү", — деди ал.

Павлюк согуш талаасында абал оор, бирок көзөмөлдө экенин белгилеп, Орусия Украинанын болушунча көбүрөөк аймагын басып алууга, муну 17-марттагы президенттик шайлоого чейин жасоого аракет кылып жатканын кошумчалады.

Украина Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында баштаган толук масштабдуу согушуна каршы күрөшүн улантууда. Курал-жарак жана каржылык жардамын АКШнын жана Европадагы өнөктөштөрү берүүдө. Бирок соңку жарым жылдан бери жардам дээрлик токтогонун, согушта прогресс жок экенин байкоочулар айтууда. 2023-жылдын жаз-жай айларындагы контрчабуул аракетинен майнап чыккан эмес.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)

Дагы караңыз

Казакстан Кыргызстандагы майнинг ферма алган энергия жөнүндө түшүндүрмө бердиКызамыкка чалдыккандар 5 миңге чукулдадыАба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайтКөлмөлөрү көп, жолу баткак Мурас-Ордо