Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Kyrgyzstan - sunny day, weather, nature, snow, winter, tree, mountain, clouds, sky Bishkek, Fabruary 13, 2022

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 12…14° жылуу болот.

Дагы караңыз

Баткен жана Кара-Суу округдарындагы шайлоого биринчи талапкерлер арыз бердиCадыр Жапаров: Токтогул суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эмесДепутат кыргыз жараны Тажикстанда тыңчылыкка шектелип кармалганын айттыДепутат “Тез заряд” каржы пирамидасына катуу чара көрүүнү талап кылды