Бердянск: Орусия дайындаган шайлоо комиссиясынын мүчөсү жарылуудан каза болду

Бердянск шаары. Архивдик сүрөт.

Украинанын Орусия оккупациялап алган Бердянск шаарында бүгүн 6-мартта автомашина жарылып, орус бийлиги түзгөн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү каза болду. Аял ооруканага жеткирилгенин, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонун “Биз Орусия менен биргебиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов жазды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, машинага колго жасалган жардыргыч коюлган. Күчү тротил эквивалентинде 1,5 килограммга жеткен жарылуу аял машинага кирип отурганда болгон.

Окуяга байланыштуу кылмыш иши «террордук акт» беренесинин негизинде козголду.

15-17-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Добуш берүү Украинанын Орусия басып алган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарында да өтөт. Мөөнөтүнө чейинки добуш берүү 25-февралда башталган.

Негизги талапкер - бешинчи президенттик мөөнөткө аттанган Владимир Путин болууда.(RK)

Дагы караңыз

Сот Атазовду мандаттан ажыратуу чечимин чыгардыАймактарды алга сүрөгөн айымдарУКМК Нарында прокуратура жана милиция кызматкерин пара менен кармаганын билдирди Кыргызстанда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөт