Бишкектин Биринчи Май райондук соту адвокат Акин Токталиевдин лицензиясына байланыштуу чыккан талашка түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, жактоочу атайын лицензия алгандан сырткары тиешелүү мекемеге катталышы керектигин билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесине ылайык, ушул мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган жана Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргызстандын жараны адвокат болуп саналат. Кыргызстандын Адвокатурасынын 2024-жылдын 26-февралындагы катында Т.А.У. аттуу жаран “Адвокатуранын мүчөсү эмес” деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан судья аны кылмыш иш боюнча адвокат катары катышуудан четтетти. Ошону менен бирге К.К.Б. аттуу айыпталуучунун кызыкчылыктарын жактоо үчүн мамлекеттик реестр аркылуу мамлекет тараптан кепилденген юридикалык жардамдын алкагында адвокат дайындалды”, – деп айтылат райондук соттун түшүндүрмөсүндө.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын бири, саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиевдин лицензиясына байланыштуу талаш-тартыш алгач 21-февралдагы отурумда көтөрүлгөн. Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Токталиевдин “адвокаттык лицензиясы жок экенин” жүйө келтирип, ал иштен четтетилерин маалымдаган.
Адвокат судьянын мындай билдирүүсүнө нааразы болуп, Тартип комиссиясына арызданганын 26-февралда “Азаттыкка” кабарлаган. Ушундай эле маселе 6-марттагы отурумда да катталып, соттук отурум талаш-тартыш менен коштолду. Келерки соттук отурум 13-мартта өтөт.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12си тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)