Ошто чуулуу кафеде чыккан өрт өчүрүлдү

“Царский двор" кафесиндеги өрт.

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Царский двор" кафесинен өрт чыгып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрт тууралуу маалымат саат 15:03тө түшкөн. Шаардагы өрткө каршы бөлүмдөр дароо тартылып, от 15:20да чектөөго алынган жана саат 16:26да толук өчүрүлгөн.

Өрт жалмаган жердин болжолдуу аянты 375 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Кырсыктын себептери изилденүүдө.

Быйыл январда кафенин алдындагы көп жылдык дарак кыйылганы белгилүү болуп, социалдык тармакта сынга кабылган. Экотехкөзөмөл кызматы кафенин жетекчилигине 15 дарактын жолго кооптуу делген бутактарын кесүүгө гана уруксат берилгенин, бирок бир дарак дээрлик түбүнөн кыйылганын маалымдаган. Бул үчүн кафеге 37 миң 600 сом айыппул салынган.

Мындан кийин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы калаадагы белгилүү "Царский двор" кафеси менен келишимди үзүп, коомдук тамактануучу жайдын имаратын бузуу тууралуу эскертүү берген. Кафе коюлган айыптарды четке кагып келген. (ErN)

Дагы караңыз

Ноокатта 4 миңдей адам иштей турган соода-логистикалык борбор курулатЭлектр жарыгы өчүп жаткан Тажикстанда министрдин орун басары иштен алындыАк үй: Зеленский Батыштан аскерлерин Украинага жөнөтүүнү сураган эмес“Улуттук электр тармактары” керектөө көп маалда чектөө киргизилгенин маалымдадыКөлмөгө чөгүп кеткен балдардын маселеси парламентте көтөрүлдүАлиянын өлүмү: анестезиолог менен медборбордун директору камалды