АКШнын 15 штатында шейшембиде ички партиялык шайлоолор - праймериз өттү. Анын жүрүшүндө Республикалык жана Демократиялык партиялардан президенттикке ким талапкер болуп көрсөтүлөрү чечилет.
Алдын ала санактарга караганда, республикачылар арасында 13 штатта мурдагы президент Доналд Трамп чоң айырма менен жеңди. Анын атаандашы Никки Хейли Вермонт штатында гана утту. Аляскадагы добуш берүүнү жыйынтыгы жарыялана элек.
Президент Жо Байден бардык штаттарда ишенимдүү жеңди. Анын олуттуу атаандаштары жок.
Супершейшемби (Super Tuesdya) деп аталган өнөктүк ички партиялык шайлоодогу чечүүчү учур болуп саналат. Анын жыйынтыгында адатта негизги партиялардын атынан мамлекет башчылыкка ким ат салышары дээрлик аныкталып калат.
Трамп добуш берүүнү комментарийлеп, республикачыларды биригүүгө үндөдү.
Байден өз кезегинде америкалыктарды демократияны, эркиндиктерди коргоого чакырды.
Мунун алдында АКШнын Жогорку Соту Трамптын ысымын шайлоо алдындагы бюллетендерден чийип салууга тыюу салган чечим чыгарган.
Бул чечим өлкөнүн бүт аймагында аткарылууга тийиш. Президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген.
Дагы караңыз
УКМК Москва райондук сотунун судьясын пара алууга шек санап кармадыПакистанда жана Ооганстанда туруксуз аба ырайынан 80дей адам каза болдуЧүй ооруканасы Бишкек шаардык №2 клиникалык тез жардам ооруканасы деп өзгөртүлдү