Аба ырайы: Жаан, кар жаайт

7-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Аталган облустардын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз ала булут каптап турат. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 8…10° жылуу болот.

Дагы караңыз

Депутат министрдин майнинг фермалардын иши токтойт деген сөзүн эске салды "Энесин күткөн балдар томсорду". Ажал тооруган төрөтЧүй ооруканасы Бишкек шаардык №2 клиникалык тез жардам ооруканасы деп өзгөртүлдүМадумаровдун соту: Күбөлөр суралып бүттү Алиянын өлүмү: анестезиолог менен медборбордун директору камалды