Facebook, Instagram, Messenger жана Threads иши үзгүлтүккө учурады

5-мартта Meta компаниясына таандык Facebook, Instagram, Threads жана Messenger социалдык түйүндөрүнүн колдонуучулары өз баракчаларына кире албай, көйгөй жаралды.

Веб-сайттардын жана кызматтардын иши тууралуу маалымат берип туруучу Down Detector онлайн платформасы “өтө чоң үзгүлтүккө учуроолор” бар экенин билдирди.

Көйгөй жаралганын дүйнөнүн дээрлик бардык аймактарында айтып жатышкандыктан, бул глобалдык мүнөздөгү маселе деп айтса болору кабарланды.

Лондондогу Интернет боюнча мониторинг жүргүзүүчү Netblocks ишканасы Meta компаниясынын Facebook, Instagram, Messenger жана Threads платформаларына кирүүдө «бир нече өлкөдө үзгүлтүк болуп жатканын» маалымдады. Бирок Интернеттеги эркиндикти колдоп келаткан компания Интернетте адатта өкмөт таңуулоочу “өлкө деңгээлиндеги үзгүлтүккө учуроо” жок экенин белгиледи.

Meta компаниясынын байланыш бөлүмүнүн башчысы Энди Стоун көйгөй бар экенин билдирип, X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) компания «бул маселенин үстүндө иштеп атканын» билдирди.