Москвада Навальныйды эскерүүгө катышкандар арасынан кеминде төрт киши кармалды

Навальный менен коштошуу акциясы учурунда тартылган сүрөт. 2024-жылдын 1-марты.

Орусиянын алыскы абактарынын биринде белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды эскерип, гүл койгону баргандар арасынан борбор калаа Москвада кеминде төрт киши кармалганы кабарланды.

«ОВД-Инфо» телеграм-каналынын маалыматына караганда, Полина Орехова жана Егор Комлев 16-февралда Навальный каза болгону тууралуу кабар жаңы чыкканда жана эртеси күнү 17-февралда кармалган. Москванын дагы эки тургуну Елена Грибкова жана Елена Левина да 17-февралда кармалып, коё берилген, бирок 5-мартта кайра кармалышты.

Аларга "массалык иш-чарага катышуу эрежесин бузган" деген айып тагылууда.

Маркум акыркы сапарга узатылган күнү 1-мартта Москвада, Санкт-Петербургда, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларында кеминде 30 киши кармалганы маалымдалган.

16-17-февраль күндөрү Навальный каза болгону жарыяланганда Орусиянын 36 шаарында эскерүү акцияларында 400дөн ашуун адам, эң көбү Санкт-Петербург шаарында кармалып, кое берилген.

1-мартта коштошуу иш-чарасына Навальныйдын ата-энеси, туугандары, жакындары киргизилген. Мындан тышкары аны менен коштошууга баргандар, храмдан көрүстөнгө чейин колуна гүл кармап, жөө басып баргандар миңдеп саналарын маркумдун санаалаштары билдиришкен.

Жол боюнда, көрүстөндүн тегерегинде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, полиция кызматкерлери, атайын автомашиналар топтолуп, темир тосмолор коюлган.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)