Укук коргоочулар былтыр Иранда кеминде 834 адам өлүм жазасына тартылганын билдиришти

Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Иранда кеминде 834 адам өлүм жазасына тартылганы бүгүн 5-мартта жарыяланган эл аралык баяндамада айтылды. Баяндаманы Ирандагы адам укуктарынын абалына көз салган IHR уюм жана баш кеңсеси Франциянын борбору Парижде жайгашкан «Өлүм жазасына каршы бирге» уюму чогуу даярдашкан.

Укук коргоочулар белгилегендей, бул көрсөткүч бир жыл ичинде 43% өстү жана соңку он жыл ичиндеги эң жогорку сан болуп калды.

Өлүм жазасына тартылгандардын көбүнө маңзатка байланыштуу айып тагылганы, жазалоонун мындай түрүнө кабылгандардын 85% боюнча маалыматты Иран бийлиги ачык жарыялабаганы, демек, дарга асылгандар мындан да көп болушу ыктымал экени белгиленди.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам дарга асылган.

АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына эң көп тартылган Кытайдан кийинки эле өлкө катары айыптап келишет.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы темир жолдон өтө турган өтмөктөрдүн долбоорун жарыяладыКөкбөрү: Камсыздандыруу полисин албаган улакчылар ойнобойтКөлмөлөрү көп, жолу баткак Мурас-ОрдоСуу, мектеп, ФАП жок. Өгөйлөнгөн Ак-Жар