Германиянын башкы дипломаты ЕБди кеңейтүү ишин тездетүүгө чакырды

Анналена Бербок Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарында. 2024-жылдын 5-марты.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Европа Биримдигин кеңейтүү ишин ылдамдатуу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал 4-мартта Черногорияга иш сапар менен барганда борбор калаа Подгорицада билдирди.

Немис министри Орусия жана Кытай Батыш Балкан аймагындагы таасирин күчөтүү аракетин көрүп жаткан чакта Евробиримдик Черногория, Босния жана Герцеговина өлкөлөрүн өз курамына кабыл алышы керек экенин айтты.

"Азыркыдай геосаясий маалда биз Европа Биримдиги катары канчалык тезирээк күчтөнө алсак, ошончолук жакшы. Биримдиктин кеңейиши жеке гана максат эмес, биздин жалпы Европабыздын бекемделишине карай жасалып жаткан кызмат", - деди Германиянын башкы дипломаты черногориялык кесиптеши Филип Иванович менен жолугушууда.

Бүгүн 5-мартта Анналена Бербок иш сапарын Босния жана Герцеговина өлкөсүндө улантууда.

НАТОнун мүчөлөрү Албания, Түндүк Македония жана Черногория Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизилген санкцияларга кошулган өлкөлөр. Алар Украинага курал-жарак жана ок-дары жөнөтүп келишет.

Өткөн аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский Албаниянын борбору Тирана шаарында «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышкан жана Сербиянын, Түндүк Македониянын, Косовонун, Босния жана Герцеговинанын жана Черногориянын лидерлери менен жолугушкан.

Черногория Евробиримдикке мүчө өлкө деген макамга 2010-жылы ээ болгон. Босния жана Герцеговина биримдикке кошулуу тууралуу арызын 2016-жылы берген.

Соңку эки жылдан бери Орусиянын масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан Украина Евробиримдикке мүчө болуу тууралуу арызын ошол замат берген. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин Евробиримдик былтыр 14-декабрда кабыл алган. (RK)