Бишкекте талаштуу үйдүн тургундары бир суткадан бери ачка отурганын билдиришти

Талаш жараткан имаратты курчоого алган милиция кызматкерлери. 1-март, 2024-жыл.

Орто-Сай базарына чукул жайгашкан Абды Суеркулов 16/1 дарегинде жайгашкан тогуз кабаттуу имараттын айрым тургундары азыр анын ичинде суу, электр жарыгы өчкөнүн, муздак жерде ачка отурганына бир суткадан ашканын билдиришти.

"Мында көп үй-бүлө бар. Баарыбыз түндө уктабай, балдар ыйлап чыгышты. Суу, электр жарыгы да жок болгондуктан тамак жасоо мүмкүн эмес. Азыр сыртта милиция кызматкерлери турат, сырткы эшиктер ширетилген. Биз чыксак, кайра кире албай калабыз. Биздин башка барчу жерибиз жок", - деди имараттын ичинде калгандардын бири.

Сыртка чыгарылгандардын айрымдары шаар мэри Айбек Жунушалиевге жолугуп, маселени чечүү максатында муниципалитетке келгенин билдиришти.

1-мартта Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров Бишкектеги Абды Сүйөркулов көчөсүнүн 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулганын айткан.

Азамат Кадыров жашоочулар арасынан бир гана үй-бүлө муктаждыгынан улам Чүй проспектиси менен Жусуп Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги батирлердин бирине жайгаштырыларын, калган тургундар көчүшү керек экенин эскерткен.

9-февралда талаштуу имаратка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтышууда.

Былтыр апрелде Жогорку Сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Курулуштун долбоору боюнча тогуз кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган. (KS)

Дагы караңыз

Бийликти колдоп жүргөн жаран алдамчылыкка шек саналып кармалдыБУУнун башкы катчысы Газадагы соңку чабуул боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды 1-март: Үч өлкөнүн темир жол долбоору, Газадагы кандуу каргаша, Навальныйды акыркы сапарга узатуу