Болот Темировдун уулунун документи таенесине берилди

16-январда кармалып, камалган журналисттер. Январь, 2024-жыл.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн милиция кызматкерлери таенесине кайтарып беришти. Бул тууралуу журналист Телеграм-каналдагы баракчасына жазды.

Мурдараак ал уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн 16-январь күнү Бишкекте жашаган жубайы, Temirov Live жана "Айт, айт" десе долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын кармоо учурундагы тинтүүдө милиция кызматкерлери алып кеткенин, жубайына баласын "балдар үйүнө өткөрүп салышарын" айтып коркутушканын маалымдаган.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналистти 13-мартка чейин камакка алган. Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигин эркин журналисттерди тезинен абактан бошотууга чакырууда.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү - Болот Темиров 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда тамыр жайган орус компаниялары ИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды"Төрөтканага соо барып, сөөгү чыкты" Мэрия Бишкектеги талаш жараткан имараттын суусун токтотуп, жарыгын өчүрдү