Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 2-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрен, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабай, күндүз кар жаашы мүмкүн. Туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз -1…+1° жылуу болот.
Дагы караңыз
ИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды“Эркечтам” бажы бекетине көмүр базасын куруу үчүн жер бөлүндүМэрия Бишкектеги талаш жараткан имараттын суусун токтотуп, жарыгын өчүрдү"Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери күнү-түнү иштөөгө өттү