Шайлдабекова парламентте гендердик квота толук ишке ашканын билдирди

Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында гендердик теңдикти камсыз кылуу үчүн дагы иш-аракеттер көрүлүшү керектигин белгиледи. Бул тууралуу ал 1-мартта парламенттин имаратында өткөн “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу диалогдо билдирди.

Анын маалыматында 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдында жеңген ар бир партиянын 30 пайыздан кем эмес мандаты аялдарга берилиши керек деген талап кирген. Бирок ошондогу шайлоодо 90 депутаттын 18и аялдар болгон.

“2024-жылы аял депутаттардын саны 20га жетти. Соттук териштирүүлөр аяктап, быйыл бул квотанын толук ишке киришин камсыздай алдык деп айта алам. Бир аял бир мандаттуу округдан келди, калган 19у партия аркылуу келди. Биз Жогорку Кеңештин деңгээлиндеги бул саясатты талдап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу керек деп эсептейбиз”, - деди.

Шайлдабекова аял депутаттардын санынын көбөйгөнү жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде да байкалып жатканын, аял депутаттардын клубу сыяктуу жаматтык аракеттер бар экенин кошумчалады. Мындан тышкары шаардык кеңештердин алкагында партия тизмесине кирген аялдардын арыз жазып, мандаттан баш тарткан учурлар да катталганын, мамлекет гендердик талаптардын сакталышына кызыкдар экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештеги 20-аял депутат болуп быйыл 2-февралда "Альянс" партиясынын тизмеси менен Айсулуу Мамашева келген. Анын мандатын тапшырган Фарходбек Алимжановдун ордуна келиши талкуу жаратып, БШК мындай чечим 30% гендердик талапты ишке ашыруу үчүн чыгарылган жобонун негизинде кабыл алынганын түшүндүргөн.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.

Дагы караңыз

“Эркечтам” бажы бекетине көмүр базасын куруу үчүн жер бөлүндүМэрия Бишкектеги талаш жараткан имараттын суусун токтотуп, жарыгын өчүрдү"Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери күнү-түнү иштөөгө өттүИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды