1-мартта Ошто жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-март күнү саат 06:22де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү Ош облусунун Араван районунун Керкидан, Ноокат районунун Найман айылдарында 3 балл болду.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

28-февраль күнү саат 19:15те Чүйдүн Кара-Балта шаары, Москва районунун аймагында күчү 3 баллды түзгөн жер титирөө катталган.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече ирет силкинди.

23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында 5 балл, Бишкекте 4 балл, Ташкентте үч балл болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Нидерландда соттолгон "Спартактын" оюнчусу БАЭде кармалдыТажикстандын Улуттук альянсы бийликти ЖККУга мүчөлүгүн карап чыгууга чакырдыХорезмде мугалим 1-класстын окуучусун сабап жаткан тасма тарадыДепутат Атазов дарылануусу аяктаса өлкөгө кайтып келерин билдирди