Нидерландда соттолгон "Спартактын" оюнчусу БАЭде кармалды

Квинси Промес

Орусиялык "Спартак" футбол командасынын жарым коргоочусу Квинси Промес 29-февраль күнү Бириккен Араб Эмирлигинде командасы менен чогуу Орусияга учуп кетүүгө аракет кылган жерден кармалды. Ал Нидерландда экстрадицияланышы мүмкүн.

Нидерланддын соту футболчуну алты жылга сыртынан кескен. 32 жаштагы Промес Европага 1300 кг ашуун кокаин алып чыгууга айыпталып, Амстердамда соттолгон.

"База" басылмасы футболчу аэропортто чек ара көзөмөлүндө кармалып, полицияга жеткирилгенин маалымдады. "Спартак" клубу кырдаалды "жөнөкөй эмес" деп атап, ачыктаган жок.

Sports.ru белгидегендей БАЭ менен Нидерланддын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишим бар. Редакция Амстердам сотунун маалымат кызматына таянып, спортчуга эл аралык издөө жарыяланганын жазды.

Промес — Нидерланд курамасынын мурдагы оюнчусу, Орусиянын футбол тарыхындагы мыкты легионерлердин бири. "Спартактын" курамында футболчу 233 матчта ойноп, 130 гол киргизген, 46 голдун киришине шарт түзгөн.

Ишемби күнү команда Санкт-Петербург шаарында азыркы чемпион "Зенит" командасы менен беттешет.

Дагы караңыз

Тажикстандын Улуттук альянсы бийликти ЖККУга мүчөлүгүн карап чыгууга чакырдыХорезмде мугалим 1-класстын окуучусун сабап жаткан тасма тарадыДепутат Атазов дарылануусу аяктаса өлкөгө кайтып келерин билдирдиДепутат Икрамов "камоолор менен жакшы иш болбой турганын" айтты