Навальныйдын зыйнаты өтө турган жерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Орусияда абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальный менен коштошуу иш-чарасы өтө турган Борисовское көрүстөнүндө коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн бүгүн 29-февралда «Свобода» радиосу маалымат сайттарына жана телеграм-каналдарга таянып билдирди.

Маркумдун санаалаштары анын зыйнаты 1-мартта Москванын Марьино районундагы чиркөөдө өтөрүн, сөөгү ошол эле күнү шаардын түштүк-чыгышындагы Борисовское көрүстөнүнө коюлмай болгонун 28-мартта жарыялашкан.

Көрүстөндүн жанындагы "Борисово" метросунун тегерегине эки-үч кишиден турган полициялык патрулдар коюлганын, жол боюна видео көзөмөл камералары орнотулганын, темир тосмолор даярдалганын RusNews агенттиги кабарлап, фото жана видеосун чыгарды.

Полиция көрүстөндүн аймагына кирген-чыккан адамдардын паспортун, жеке буюмдарын текшерип, ал жакта эмне үчүн жүргөнүн сураштырып, муну «террордук операцияны алдын алуу» иш-чарасы деп түшүндүрүп жатканын "Можем объяснить" телеграм-каналы жазды.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

Навальныйдын командасы аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө жай таппай жатканын Кира Ярмыш 27-февралда кабарлап, “Биз жеке жана мамлекеттик ритуалдык агенттиктердин, коммерциялык аянтчалардын жана аза күтүү залдарынын көбүнө телефон чалып чыктык. Кээ бирлери бош эмеспиз деп жатышат. Кээ бирлери Навальныйдын атын укканда эле баш тартууда. Бир жерде ритуалдык агенттиктерге түздөн-түз тыюу салынганын айтышты”, - деп X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазган.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

Дагы караңыз

Жикчил Приднестровье Орусиядан колдоо издейт Абактагы Жеңиш Молдокматов ооруканада дарыланууга муктаж Ярмыш Навальный менен коштошуу үчүн жай издештирип жатышканын айтты Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартка белгиленди