29-февраль: Талас округундагы шайлоо жокко чыкты, Кыргызстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында калды

Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.

29-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Активист Жоробековдун иши боюнча сот башталды

Желекти өзгөртүүгө каршы чыккан активист, ушул тапта камакта жаткан Афтандил Жоробековдун иши боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунда биринчи отурум өттү. Жараянга лингвистикалык эксперт Нурлан Сартпаев келбей калгандыктан сот 12-мартка калды. Активист Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып, 2023-жылдын декабрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.

FH: Кыргызстан быйыл да “эркин эмес” өлкө болду

Freedom House (FH) эл аралык уюмунун жаңы баяндамасында Кыргызстан быйыл да “эркин эмес” мамлекет аталды. Уюмдун баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндиктин кескин азайганы байкалып жатканы белгиленет. Уюмдун былтыркы баяндамасында да Кыргызстан үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулган. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги корголорун такай кайталайт.

Freedom House уюмунун быйылкы баяндамасы. Жашыл түс менен "эркин", ал эми кызгылт көк менен "эркин эмес" өлкөлөр белгиленген.

Сот Талас округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Бишкек шаарынын административдик соту 28-февралда бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канаттандырды. Абдыкадыровдун өкүлү буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес. 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Эмилбек Абдыкадыров ат салышкан. Ал буга чейин Бишкектин мэри, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтарында иштеди.

Токтогул суу сактагычында суу 8 млрд метр кубдан төмөндөдү

Токтогул суу сактагычында 7 млрд 967 млн метр куб суу калды. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 151 метр куб суу агып кирип, 799 метр куб суу агып чыгууда. 2023-жылдын 28-февралында суу сактагычта 8 млрд 145 млн метр куб суу бар болчу. 2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд метр кубга түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет.

Газа: Гуманитардык жардамга кезекте турган ондогон киши соккудан набыт болгону кабарланды

The Associated Press агенттиги Аш-Шифа ооруканасынын маалыматына таянып, кеминде 50 киши каза болгонун, жараат алгандар 250 кишидей экенин кабарлады. Израил бул маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек. Газа секторундагы аскердик операциясын Израил былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңге чукул палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Путин Батыш Украинага аскер жөнөтсө кесепети "трагедиялуу" болорун айтып коркутту

Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуусунда «Орусия азыр өз суверенитети жана коопсуздугу үчүн адилет күрөш жүргүзүп жатат», - деп, Украинага каршы согушту «калктын абсолюттук көпчүлүгү колдогонун» айтты. Кремль эки жылдан ашкан согушту «атайын аскердик операция» деп атап, канча киши жоготконун айтпайт. 26-февралда Парижде Франциянын демилгеси менен Европадагы 20 өлкөнүн, АКШнын, Канаданын өкүлдөрү Украинадагы жагдайды талкуулаган. Француз президенти Эммануэл Макрон Украинага аскер жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча азыр бир пикир жоктугун, бирок андайды жокко чыгарууга да болбой турганын айткан.

Казакстанда 11 жылга кесилген экс-министр дагы эки иш боюнча айыптуу деп табылды

Мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулыга «Дипломат» мейманканасындагы рейдерлик жана «Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы» эл аралык көргөзмөсүн уюштуруудагы жемкорлук үчүн айып тагылды. Тергөөнүн версиясына ылайык, Мухамедиулы министр, андан кийин Улуттук музейдин директору болуп турганда жемкорлукка барып, 2017-2019-жылдары кол астындагы кызматкерлер менен алдын ала сүйлөшүп алып, эл аралык көргөзмө долбоорун ишке ашырууда 1,5 миллиард теңгенин уурдалышына жол берген. 2023-жылдын июнь айында сегиз жылга эркинен ажыратылган. Быйыл өзгөчө чоң өлчөмдө пара берүүгө аракет кылган деген айып менен дагы үч жыл кошулган.

Суучул Петрашов Азия чемпионатында экинчи алтын медалды алды

Кыргызстандык сууда сүзүүчү, Азиянын төрт жолку чемпиону Денис Петрашов Филиппинде өтүп жаткан Азия чемпионатында экинчи алтын медалын утту. Атлет финалда брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүүдө 2 мүнөт 12,89 секундда келди. Петрашов 27-февралда брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүүдө алтын медал утуп, чемпион болгон. Буга чейин 2017-жылы брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүүдө, 2019-жылы ушул эле ыкма менен 200 метрге сүзүүдө Азия чемпиону болгон. Суучул быйыл жайында Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарына катышат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абактагы Жеңиш Молдокматов ооруканада дарыланууга муктаж