Польшанын борбору Варшава шаарында бүгүн 27-февралда фермерлердин нааразылык акциясы болду. Миңдеген киши өлкөнүн мамлекеттик туусун көтөрүп, көчөлөрдү кыдырып өттү.
Польшага Украинадан айыл чарба продукциясын ташып кирүүгө жана Европа Биримдигинин экологиялык планына каршы акциялар бул өлкөдө бир нече ай мурда башталган. Украина менен чек ара бекеттери жана жолдор бөгөттөлүп, белгисиз бирөөлөр украиналык оор жүк ташуучу машиналарга жана темир жол вагондоруна жүктөлгөн данды сыртка чачып кетишкен.
Фермерлер өндүргөн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн Украинадан импорттолгон азыктар бузуп, баасын төмөндөтүп, Евробиримдиктин айыл чарба тармагында экологиялык таза технологияларды колдонууга жана атмосферанын булганышына каршы 2050-жылга чейинки «Жашыл багыт» планы да көйгөй жаратып, аларды чектеп жатканын айтууда.
Ушундай эле нааразылыгын айткан дыйкандардын акциялары Бельгияда, Германияда, Францияда, Румынияда да өткөн.
26-февралда Бельгиянын борбору Брюссель шаарына миңдеген фермер тракторун айдап барып, өндүргөн продукциясынын баасы кеткен чыгымынан жогору болушун камсыздап берүүнү талап кылган акциясын өткөргөндө полиция менен кагылышуу болгон.
Бул күнү Брюсселде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба министрлеринин жыйыны өткөн. Алар фермерлерге «жашыл план» боюнча түшкөн административдик жүктү азайтуу жолдорун талкуулап келатышат.
Украиналык оор жүк ташуучуларга Орусия алардын өлкөсүнө кол салгандан кийин колдоо көрсөтүү максатында Европа өлкөлөрү айрым жеңилдиктерди беришкен.
2022-жылдын февралында Орусия кол салгандан бери Украинанын өндүргөн продукциясын, айрыкча дан азыктарын мурдагыдай Кара деңиз аркылуу экспорттоо мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген. (RK)
Дагы караңыз
Сотто Адахан Мадумаров сурала баштайтАстанадагы көчмөндөр оюнунда көк бөрү ойнолбойбу? Навальныйды акыркы сапарга узатуу кайда өтөөрү белгисиз Чүй облусунда 19 жаштагы кыз дайынсыз жоголду