Беларустагы шайлоо өттү деп жарыяланды, АКШ жана оппозиция аны "жасалма" деп баалады

Шайлоону утурлай Беларуста күч кызматкерлери добушканаларда машыгуу өткөрүшкөн.

Беларуста жекшемби күнү өткөн шайлоодо Улуттук жыйындын Өкүлдөр палатасынын бардык 110 депутаты шайланды деп таанылганын, добуш берүүгө шайлоочулардын 73,09% катышканын бүгүн 26-февралда Борборук шайлоо комиссиясынын төрагасы Игорь Карпенко билдирди.

Мындан тышкары 1284 жергиликтүү кеңештин да курамы шайланды.

Бийликтин, күч кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлү астында, оппозиция өкүлдөрүсүз жана эл аралык байкоочуларсыз өткөн бул жолку шайлоо 2020-жылдагы бир топ нааразылык менен коштолгон президентттик шайлоодон кийинки алгачкы жапырт добуш берүү өнөктүгү болду.

Беларустун парламенти Өкүлдөр палатасы жана Республика кеңеши деген эки палатадан турат. Бийликти колдогон партиялар катышкан бул жолку шайлоодо Өкүлдөр палатасындагы 110 орун үчүн 265 талапкер ат салышты.

Оппозиция шайлоону ачык эмес жана калыс эмес деп сындап, белорус калкын ага катышпоого үндөдү, шайлоочуларды добуш берүү бекеттерине коркутуп, мажбурлап алып барып жатышканын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул өнөктүктү «жасалма» жана «коркунуч атмосферасында» өткөн шайлоо деп сындады.

Байкоочулар бул шайлоо өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан авторитардык башчы Александр Лукашенконун «Европадагы акыркы диктатура» атыккан бийлигин ого бетер бекемдөөгө шарт түзөрүн белгилөөдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

Дагы караңыз

Министр: Көк бөрү менен кыргыз күрөшүн "Көчмөндөр оюнуна" киргизүү керекКыргызстан ипотекалык батир куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар алат“Кумтөр Голд” ишканасы 2023-жылы 13,6 тонна алтын өндүрүп, планга бир аз жетпей калды Эмгек министрлиги: 112 баатыр эне айына 3000 сомдон жөлөкпул алат