Луизиана штатына караштуу Винн шаарындагы түзөтүү борборунда кармалган тажик мигранттарынын тобу ал жактагы шартка нааразылык билдирип, ачкачылык акциясын өткөрүштү. Он күнгө созулган ачкачылык эч кандай жыйынтык берген жок.
Эки тажик жараны "Озоди" радиосуна берген маегинде АКШга Мексика аркылуу келишкенин, ал жерде тажикстандык 100гө чукул жаран бар экенин айтышты.
Алар АКШдан башпаанек сурашканын жана арыздары каралып жатканын белгилешти.
Жаштар орус паспорту менен Мексикага чейин келип, ал жактан АКШга мыйзамсыз өтүшкөн.
Көптөгөн тажик мигранттары убактылуу кармоочу жайларда 4-6 айдан бери сот жараянын күтүп жатышканын айтышууда. Кошмо Штаттардагы башка түзөтүү борборлорунан айырмаланып, Луизианада иммиграциялык мыйзамдарды бузууга шектелген адамдар күрөөгө бошотулбайт.
Тажикстандык 26 жаштагы жигит 2023-жылдын октябрынан бери бул жерде экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы убакта администрация начар мамиле жасап, күнүгө окшош тамак берилүүдө.
"Азыр бизге кайнатылган күрүч жана төө буурчак гана берилүүдө. Биз мигранттар эсебибизди акча менен толуктап турушубуз керек. Көпчүлүгүндө акча түгөндү, 10 күн ачкачылык жарыяладык, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок", -деди ал.
Винн шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын администрациясы камактагы мигранттардын акциясы боюнча комментарий берген жок.
Орусиянын Украинага чабуулунан кийин Мексика аркылуу АКШга кирген мигранттардын саны арбыды. Алардын көбү качкын макамын алууга аракет кылууда.
2023-жылы АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги тажикстандыктарды Кошмо Штаттарга мыйзамдуу гана барууга үндөгөн.
Дагы караңыз
Израил ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдүн "кийинки кадамдарын" талкууладыСирияда согушкан Жизактын тургуну мекенине кайтарылдыБорбор Азиядагы эне тил көйгөйү, орус тил басымыОрусияда 24-февралдагы акцияларда 40тан ашык адам кармалды