Беларуста парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө

Минск, 2019-жыл. (архив)

Жекшемби күнү Беларуста парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге добуш берүү жүрүүдө. АP агенттиги жазгандай, талапкерлердин көбү расмий катталган төрт партияга таандык. Алар Белая Русь, Коммунисттик партия, Либералдык-демократиялык партия жана Эмгек жана адилеттик партиялары. Бул партиялардын баары Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун саясатын колдойт. Шайлоо эл аралык байкоочуларсыз өтүүдө.

Жергиликтүү медиалар добуш берүү үчүн келген авторитардык лидер Александр Лукашенко кийинки жылкы президенттик шайлоого катышаарын билдиргенин жазышты.

Лукашенко буга чейин Батышты шайлоо өнөктүгүн 9,5 миллион калкы бар өлкөнү "дестабилдештирүү" үчүн колдонууга аракет кылып жатат деп айыптаган.

Парламенттеги 110 орун үчүн 265 адам талапкер болгон.

Литвада бозгунда жүргөн беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская элди шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн.

"Бюллетенде реалдуу өзгөрүүлөрдү сунуш кыла турган адамдар жок, анткени режим өзүнө ыңгайлуу куурчактарга гана катышууга уруксат берди", - деди ал видео кайрылуусунда.

Светлана Тихановская 2020-жылы президенттик шайлоого катышкан. (AiA)