Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюуну тескеген мыйзамга кол коюлду

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 24-февралда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбооруна кол койду. Документ 28-декабарда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Анда маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөгүн коюну тескеген бир катар чаралар жазылган.

“Мыйзамга ылайык Кыргызстанда ар бир адамга ал өлгөндөн кийин анын керээзин эске алуу менен сөөгүн жайга коюу, ал үчүн жерди акысыз берүү кепилденет. Маркумдун жанындагы бош орунду өкмөт аныктаган тариф менен акча төлөнгөндөн кийин гана жакындары үчүн ээлеп койсо болот. Маркумду жерге берген жакындары, туугандары жок болсо ал иштерди Аза кызматы аткарат. Тиешелүү документтердин баары тапшырылгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде сөөк коюуга жөлөкпул берилет”,-деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда көр сатуу, ага баргандарды, жол бергендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелери дагы көтөрүлгөн.

Айрыкча Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде көр сатууга байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.

“Азаттыктын” маркум кабарчысы Улан Эгизбаевдин көр сатуу фактылары тууралуу иликтөөсүнүн негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон. 2018-жылы майда жарыяланган иликтөөдө Бишкекте көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.