Парламентте баатыр энелердин жөлөк пулун көбөйтүү маселеси каралат

"Баатыр эне" ордени.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 26-февралда баатыр энелерге берилген жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү каралган парламенттин токтомунун долбоорун карайт. Буга чейин депутат Камила Талиев көп балалуу энелерге пенсиясына кошумча беш миң сомдон төлөп турууну сунуштаган, учурда миң сомдон гана кошуларын айткан.

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады. Алардын арасында пенсия алууга укугу жок болгондуктан социалдык жөлөк пул гана алгандар бар.

2022-жылы жети жана андан көп баласы бар 921 энеге “Баатыр эне” ордени, алты баласы бар 665 аял эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышкан.

2021-жылы "Баатыр эне" ордени 819 энеге, "Эне даңкы" медалы 516 энеге ыйгарылган. 2020-жылы 1014 эне "Баатыр эне" ордени, 519у "Эне даңкы" медалы менен сыйланган.