ЖК: Бюджет комитети талаштуу ЖМК мыйзам долбоорун карайт

"Азаттыктын" коллажы.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 26-февралда талаштуу “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун карайт.

Аталган комитет 19-февралда документти кароону күн тартибинен экинчи жолу алган. Анда депутат Камила Талиева мыйзам долбоору тууралуу коомчулук тескери пикирде экенин айтып, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өзү келсин деген талап койгон.

ЖМК тууралуу мыйзам долбоору 13-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинен колдоо тапкан эмес.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиалар кайра каттоодон өтүшү керек жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.