Орусияда түрмөдө каза болгон оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын апасы Людмила 24-февралда уулунун сөөгүн алды. Бул тууралуу маркум саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш кабарлады. Ал Х соцтармактагы баракчасына Навальныйдын сөөгүн алар менен чогуу талап кылып бийликке кайрылгандардын баарына ыраазычылык билдирди жана тажыя тууралуу кийинчерек маалымат болорун жазды.
“Алексейге татыктуу, анын үй-бүлөсү каалагандай тажыя өткөрүүгө бийлик тоскоолдук кылабы же жокпу, билбейбиз. Биз маалымат болор замат кабарлайбыз”,-деп жазды.
Мунун алдында Ярмыш тергөөчүлөр Навальныйдын апасын уулунун тажыясын жашыруун өткөрүүгө мажбурлап жатканын жарыялаган эле.
Маркумдун жесири Навальныйдын сөөгүн туугандарына берүүнү талап кылып видео кайрылуу жолдогон. Ал күйөөсүнүн өлүмүн орус президенти Владимир Путинден көрүп келет. Бир катар Батыш лидерлери дагы Навальныйдын өлүмү үчүн Путин жоопкер экенин белгилешкен. .
47 жаштагы Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненец автоном аймагындагы түрмөдө каза болгону кабарланган. 20-февралда Людмила Навальная Путинге жасаган видеокайрылуусунда уулунун сөөгүн кайтарып берүүнү талап кылган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков сөөктү өткөрүп берүү маселеси расмий Москванын “иши эмес экенин” айткан.