Австриянын экс-канцлери жалган көрсөтмөсү үчүн сегиз айга шарттуу кесилди

Себастьян Курц.

Австриянын мурдагы канцлери Себастьян Курц жума күнү, 23-февралда парламенттик иликтөөдө жалган көрсөтмө бергени үчүн күнөөлүү деп табылып, сегиз айга шарттуу кесилди. Бул ишти Венадагы кылмыш соту төрт ай карады. Associated Press агенттиги Курц соңку 30 жылдан ашык убактан бери биринчи жолу соттолгон мурдагы канцлер болуп калды.

Прокурорлор 37 жаштагы саясатчыны холдинг компаниясына жетекчилик кызматына өзүнүн көздөй кишиси Томас Шмидтти дайындоодогу ролу тууралуу жалган маалымат берген деп айыпташкан.

Курцтун адвокаттары дооматты четке кагып, соттун бул чечимине каршы даттанышарын билдиришти.

Себастьян Курц кызматтан 2021-жылы октябрда кеткен. Анын алдында оппозициядагы үч партия - Австриянын Социал -демократиялык партиясы, "Жаңы Австрия" жана Австриянын Эркиндик партиясы канцлердин отставкасын талап кылышкан.

Өлкөнүн прокуратурасы Курц жана коррупцияга шектелген бир нече адамга карата иликтөө жүрүп жатканын билдирген. Deutsche Welle кабарлагандай, тергөөчүлөр 2016-жылдан 2018-жылга чейин өлкөнүн финансы министрлиги бюджеттик каражаттарды Австриянын гезиттериндеги жарнактарды каржылоого жумшаганын, буга жооп катары Курцтун партиясына пайдалуу сурамжылоолор жарыяланып турганын аныкташкан.

Курц 2017-жылдын октябрында парламенттик шайлоодон кийин канцлер болгон. 2019-жылы саясий жаңжалдан улам парламент ага ишеним көрсөтпөй, кызматтан кеткен. Ошол жылдын аягында мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп, Курц жетектеген Австриянын Элдик партиясы кайрадан жеңишке жеткен жана ал экинчи жолу федералдык канцлер кызматына отурган.