Өткөн жылы геология тармагына 192 лицензия берилген

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өткөн жылы геология тармагына 192 лицензия берилди. Анын ичинен мамлекеттик ишканаларга 45 лицензия берилген. Бул тууралуу 22-февралда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.

Жалпы кен казууда 2023-жылы 56,1 млрд. сом пайда түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу (2022-жылы -56,1 млрд. сом) 19,5 % өскөн. Тоо-кен ишканаларынан салык катары 2023-жылы 33,07 млрд. сом (2022-жылы 2022-жылы 31,5 млрд. сом) төлөндү.

Өкмөттүн маалыматында өлкө аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кен табылган жана анын 500ү геологиялык чалгындоодон өткөн. Учурда 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат.

Кыргызстандын тоо-кен тармагына инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен Улуу Британия, Түркия, Кытай, Орусия жана Казакстан алдыда турат. (TSh)

"Жер Эне" подкастын угуңуз:

Дагы караңыз

“Чек арасыз кабарчылар” уюму “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырды