Мадумаров камакта калды, Жолдошбаев кармалды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев депутаттык мандатынан ажырады. Мунун алдында маалымат айдыңында "экс-бажычы Райымбек Матраимовго жакын депутаттар мандатын тапшырыш керек" деген өңүттө материалдар жарыяланган. Казакстанда миңдеген кишинин жеке маалыматы интернетке тарап кеткен окуя иликтенүүдө. Жарандардын дареги, жеке документи, телефондон кимдер менен сүйлөшкөнү тууралуу маалымат GitHub аттуу сайтка чыгып кетти. “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалды. Ал салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелүүдө.