Өзбекстан менен Ооганстан темир жолдун реконструкциясын баштады

Хайратон станциясы. Архив

22-февралда Өзбекстан менен Ооганстанды байланыштырган темир жолдун Хайратон – Мазари Шариф тилкесин оңдоп-түзөө иштери башталды.

“Өзбекстан темир жолдору” компаниясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, биринчи этапта жүк ташынан вагондор "Наибабад" станциясына жеткирилмекчи.

Тараптардын тармактык жетекчилери Хайратон – Наибабад – Мазари-Шариф темир жолун реконструкциялоо тууралуу былтыр ноябрда макулашкан. “Азаттыктын” өзбек кызматы ооган тарапка шилтеме берип жазгандай, өзбек компаниясы ремонтту сапаттуу жана жарым баасына жасап берүүнү убада кылды.

Борбор Азиянын өлкөлөрү Ооганстандагы бийликти басып алган талибдерди тааныбаганы менен, Кабул менен соода-экономикалык карым-катнашты улантып келет.

Дагы караңыз

Көк бөрү: Талас районунун командасы республикалык мелдеште жеңүүчү болдуРафахта бомбалоодон мечит жана бир нече турак жай талкаландыДүйнөлүк азык-түлүк программасы Газага тамак-аш таратууну убактылуу токтотту