Рафахта бомбалоодон мечит жана бир нече турак жай талкаланды

Рафах шаары бомбалоодон кийин. Газа. 22-февраль, 2024-жыл

22-февралда Израил Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына абадан сокку урду. Ал жерде анклавдын түндүгүнөн агылган дээрлик 1,4 миллион качкын чатырларда, алачыктарда башпааналап жүрөт.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, бомбалар мечитке жана бир нече турак жайга тийди. Ал-Фарук мечити күм-жам болуп, жанындагы үйлөрдүн дубалдары урап калды.

Жергиликтүү тургундар 10 күндөн бери шаарда мындай катуу жарылуу болбогонун айтышат. 12-февралдагы рейдде израилдик аскерлер барымтадагы эки кишини бошоткон, ондогон жайкын палестиналык каза тапкан.

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюму башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги бейшембиде билдиргендей, акыркы 24 саатта 97 киши өлдү, 130у жараланды. Бирок курман болгондордун көпчүлүгүн дагы деле урандылардын астынан же куткаруучулар жете албаган жерлерден алып чыгыша элек.

Шаршембиде министрлик согушта каза болгон жайкын палестиналыктардын саны 29 313 кишиге жеткенин билдирген.

Буга чейин Израил, башка өлкөлөрдүн, анын ичинен өнөктөшү АКШнын каршылыгына карабай, Рафахта жердеги операциясын даярдап жатканын эскерткен.

22-февралда Жакынкы Чыгышка Вашингтондун чабарманы барары кабарланган. Ал эми ХАМАСты жетекчиси Каирдеги сүйлөшүүлөргө катышууда.

Бирок Газада тынчтык орнотуу аракеттеринен майнап чыкпай келатат.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, 200дөн ашуун адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган.

Тилкеде гуманитардык абал курчуп, жашоочулар ачарчылык, жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучуна кептелди.