Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Газага тамак-аш таратууну убактылуу токтотту

Рафах шаары. 19-февраль, 2024-жыл

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Газа тилкесинде тамак-аш таратууну убактылуу токтотту. Программанын жетекчиси Синди Маккейндин айтымында, буга тилкенин тургундары тарабынан талап-тоноо жана агенттиктин кызматкерлерине кол салуу фактылары себеп болду.

БУУнун мекемеси жасаган билдирүүдө өткөн жекшембиде Вади-Газа чек ара өткөөлүндө качкындар үчүн азык-түлүк ташып бараткан оор машиналарды ачка адамдар тегеректеп алып, талап-тоноого аракет кылганы, ок чыгарышканы белгиленет.

Дүйшөмбү күнү тилкенин түндүгүнө азык-түлүк тартып бараткан дагы бир автокербен токтотулуп, тонолгон. Айдоочулардын бири сабалган. Билдирүүдө айтылгандай, кызматкерлер тамак-аш таратууга үлгүргөн жерлерде да эл мушташкан учурлар көп болот. Агенттик коомдук тартип таптакыр сакталбаганын айтып, Газага берилген жардамды бөлүштүрүү шарттарын “толук башаламандык ” деп мүнөздөдү.

Программанын билдирүүсүндө алар кызматкерлеринин жана бекер тамак-аш алган адамдардын коопсуздугун камсыздай албаганы үчүн ал ишти убактылуу токтотууну чечкени белгиленип, эми башка жолдорду табууга аракет көрүлөрү айтылган.

БУУнун мекемеси Газа тилкесиндеги жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги болжол менен 1,4 миллион палестиналыкка гуманитардык жардам көрсөтүп келет.

Израиль ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюмуна каршы согуш баштагандан бери гуманитарыдк жардамга муктаждар кескин көбөйдү. Муну менен бирге анклавга жүк жеткирүү кыйындады.

Эл аралык уюмдар Газа гуманитардык апаат коркунучуна кептелгенин көптөн бери эскертип келатышат.