“Массалык башаламандыкка” шек саналган жаран Орусиядан алып келинди

Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандыкка чакырган” деген шек менен Орусияда жүргөн кыргызстандык кармалганын билдирди. Шектүү Бишкекке алып келинген.

ИИМ тараткан маалыматта “44 жаштагы М.Б. аттуу социалдык тармактын колдонуучусу коомдук, саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды таратып жатканы аныкталган”, - деп айтылат.

ИИМ шектүү тараткан материалдарда “массалык башаламандыкка, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту бузуучу чакырыктар камтылган” деген экспертизанын корутундусу бар экенин билдирди.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренелеринин 1-бөлүгүндө (Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштуруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү буга чейин алимент төлөөдөн качканы үчүн Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн. Ал өлкөдөн 2020-жылы февраль айында чыгып кеткен.

Соңку жылдары “массалык башаламандыкка чакырган” деген берене менен саясатчы, активист, журналисттер кармалып жатат. Укук коргоочулар муну бийликке сын айткандарга курал катары колдонулган берене экенин айтып келет. (TSh)

Дагы караңыз

УКМК мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалганын билдирди