ИИМ акча ташыган адамды өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди

ИИМ тараткан сүрөт.

“Манас” аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө байланыштуу 33 жаштагы шектүү Орусияда кармалып, жакында Кыргызстанга алып келинет.

Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

2019-жылы 23-октябрда “Манас” аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Ошол учурда шектүү мурда оор кылмыштар менен бир нече жолу соттолгон Ош шаарынын тургуну экени аныкталып, издөө жарыяланган.

Чүй облустук милициясы кийинчерээк 39 жаштагы маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталганын жарыялаган. ИИМ киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адам акча ташуу менен алектенгенин, аны өлтүрүүгө шек саналып кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча алынганын билдирген. Милиция канча суммадагы акча болгонун жана кимдики экени тууралуу маалымат берген эмес. (TSh)

Дагы караңыз

Transparency International “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырды