Түркмөнстан трансулуттук репрессияларды эң көп жүргүзгөн беш өлкөнүн катарына кирди

Архивдик сүрөт

Түркмөнстан чет өлкөлөрдөгү диссиденттерди куугунтуктап, трансулуттук репрессияларды жүргүзүп жаткан беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Freedom House эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында айтылат.

Уюмдун жаңы изилдөөлөрү көргөзгөндөй, өкмөттөр саясий бозгунда жүргөндөр же чет жактардагы диаспора арасында ошол бийликтердин көз карашына каршы келген ой жүгүртүүнү басуу үчүн трансулуттук репрессияларга, физикалык жана санариптик тактикага көбүрөөк кайрыла баштады.

2023-жылы эле 25 өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан жасалган трансулуттук репрессиянын 125 учуру, анын ичинде киши өлтүрүү, барымтага алуу, кол салуу, камакка алуу жана мыйзамсыз депортация катталган. Эң көп улуттар аралык репрессияларды жүргүзгөн алдыңкы беш өлкөнүн катарында Түркмөнстандан башка, Орусия, Кытай, Мьянма жана Камбоджа кирген.

Чет өлкөлөрдөгү түркмөн активисттери акыркы жылдары түркмөн бийлигинин басымынын күчөшүнөн улам жарандык коомдун өкүлдөрү Түркмөнстанга мыйзамсыз экстрадицияланган учурлар көбөйгөнүн айтышат.

Активисттердин айтымында, 2023-жылдын башынан ноябрь айына чейин Түркиядан Түркмөнстанга бери дегенде беш активист депортацияланган.

Нидерланддан башпаанек алууга аракеттенген Нурмухаммет Аннаев Freedom House уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгындагы баага кошулат. Анын айтымында, былтыр чет жактардагы түркмөн диссиденттерин куугунтуктоо, күч колдонуу, уурдап кетүү өңдүү чаралар күчөдү.

Түркмөнстандын өкмөтү сын пикирлерди басуу, басма сөз, дин жана дин тутуу эркиндигин кысымга алуу, аялдардын укуктарын бузуу үчүн сынга кабылып келет.

"Азаттык" радиосунун түркмөн редакциясы Freedom House уюмунун маалыматы боюнча Түркмөнстан бийлигинен реакция алуу мүмкүн болбогонун жазды.