Пакистандагы партиялар Шехбаз Шарифти өкмөт башчылыкка көргөзүшөт

Шехбаз Шариф

Пакистанда абакта отурган мурдагы премьер-министр Имран Хандын атаандаштары Шехбаз Шарифти өкмөт башчылыкка көргөзүү боюнча мунасага келишти. "Пакистандын Мусулмандар лигасы", "Пакистандын элдик партиясы" жана башка саясий күчтөр 8-февралдагы шайлоодо өз алдынча кабинет түзүү үчүн жетиштүү мандат ала алган эмес. 20-февралдагы пресс-конференцияда партиялардын лидерлери коалициялык өкмөт тууралуу макулдашканын билдиришти.

ABC news жазганына караганда, экс-премьер Наваз Шарифтин бир тууганы Шехбаз Шариф өзү да Пакистан өкмөтүн жетектеген. Ал Имран Ханга парламентте ишеним көрсөтүлбөй койгондон кийин бул кызматка келген.

Жаңы премьерди Улуттук ассамблея үстүбүздөгү айдын этегиндеги алгачкы сессиясында шайлайт деп күтүлүүдө.

Партия лидерлери ошондой эле мурдагы президент Асиф Али Зардарини мамлекет башчылыкка көргөзүшөрүн билдиришти. Учурдагы президент Ариф Алинин ордун баса турган киши эмки апталарда шайланмакчы.

Парламенттеги орундардын көбүн Хандын «Техрик-и Инсаф» партиясына жакын көз карандысыз талапкерлер алганы кабарланган. Бирок Пакистанда көз карандысыз талапкерлер өкмөт түзө албайт.

Шейшембиде «Техрик-и Инсаф» партиясы 8-февралдагы добуш берүү калыс жана эркин өткөн жок деп, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин отставкага кетүүсүн талап кылды. БШК айыптоолорду четке кагууда.

Ханга коррупциядан тартып, мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген. Экс-премьер ал иштердин артында саясат турганын айтууда.