Министр Ак-Сууда кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазылык билдирди

Кар жиреп бараткан мугалимдер.

Социалдык тармактарда тизеден жогору карды жиреп бараткан мугалимдердин видеосу тарады. Билим берүү министрлиги алар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Асанбаев атындагы орто мектептин мугалимдери Дамира Султанбаева менен Бактыгүл Дадакеева экенин тастыктады.

“Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева аба ырайынын катаал шартына карабастан, сабагын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазылык билдирет”, - деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Министрликтин маалыматында 20-февралда Жыргалаң айылында катуу бороон болуп, техниканын жетишсиздигинен бардык көчөлөр тазаланган эмес. Ага карабастан мугалимдер толук жумушка чыккан. Мектепте от жагылып, жылуу болгондуктан, сабактар кадимки режимде өтүлүүдө. Аталган мектепте 163 окуучу билим алат.

Бишкекте бул күндөрү жол жана тротуарлар тайгак болуп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайсыздык жаралды. Тийиштүү мекемелер кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө. Кыргызстанда 16-февралдан тарта катуу суук болуп, көп жерлерде калың кар жаады. (TSh)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: абактагылар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү