21-февраль: Сириядан кайтарылган жарандар, абактан бошогон бажычы, согушта каза тапкан орус жоокерлери

Сириядан Кыргызстанга алынып келген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

21-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сириядан 432 кыргыз жараны алынып келди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден баш-аягы Кыргызстандын 432 жараны алынып келгенин билдирди. Алардын 303ү балдар, калган 129у аялдар. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун жардамы менен Сириядагы жарандарын “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында 2023-жылдын февраль айынан тарта топ-тобу менен алып келе баштаган.

Шаардык кеңештердин укугун азайткан долбоор четке кагылды

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депуаттарынын укугун азайткан мыйзам долбоорун четке какты. Парламенттин жыйынында бир катар депутаттар долбоор Конституцияга каршы келерин айтып сындашты. Документте Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерине шаардын бюджетин шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусу жок бекитүү, мамлекеттик органдардын шаардагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу, тарифтерди өз алдынча бекитүү укуктарын берүү сунушталган.

Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Мурдагы бажычы Карашев абактан чыкты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев абактан чыкканы белгилүү болду. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастады. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ал мамлекетке 18 млн сом төккөнүн жазышты. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашевди өткөн жылдын октябрь айында УКМК кармаган. Бирок кайсы берене менен айыпталганы айтылган эмес.

Комиссия менчик клиникаларды текшерет

Кыргызстанда жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Ал эки айдын ичинде Президенттин администрациясына менчик клиникалардын ишин оптималдаштыруу жана жакшыртуу боюнча сунуштарды берет. Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде Кыргызстанда менчик 2099 клиника бар. Мындай клиникаларга кайрылып, майып болуп же өлүмгө кабылган окуялар да катталган.

АКШ Навальныйдын өлүмүнө жана Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын ири пакетин жарыялады

Кошмо Штаттар Орусиядан Алексей Навальныйдын колониядагы өлүмүнүн жагдайларын ачык-айкын түшүндүрүүнү талап кылган. Саясатчынын тарапташтары аны өлтүрүшкөн деп эсептейт. Жакындарына маркумдун сөөгүн өткөрүп берише элек. Анын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантууга убада берди. АКШ президенти Жо Байден Навальныйдын өлүмү үчүн орус президенти Владимир Путин "жооптуу экенин" буга чейин айткан. Орус бийлиги оппозиционердин өлүмү тууралуу 16-февралда билдирген. Еврошаркет Орусияга каршы санкциялардын 13-топтомун макулдашканы шаршембиде кабарланды.

Украинада согушта каза тапкан 45 123 орус аскердин аты-жөнү такталды

Би-би-си жана "Медиазона" аныктагандай, маркумдардын үчтөн эки бөлүгү согушка чейин армия менен байланышы жок болгон. Башкача айтканда, алар - ыктыярчылар, мобилизация болгондор, мурдагы кылмышкерлер жана менчик аскердик компаниялар жөнөткөндөр. Майдандан кайтпай калган 5406 кишинин 80% согуштун экинчи жылында каза тапкандар. Маалыматка караганда, өлүм-житим жагынан биринчи орунда Краснодар крайы, Свердлов облусу, Башкырстан жана Челябинск облусу турат. Журналисттер ыктыярчылардын жардамы менен былтыр каза болгон орусиялык 27 906 аскердин тек-жайын аныкташты. Бул Орусия Украинага басып кирген биринчи жылдагы такталган жоготуулардан 57% көп. Иликтөөчүлөр былтыркы октябрдан быйыл февралга чейин 6614 аскердин өлгөнүн аныкташты. Дал ошол маалда Украинанын Донецк облусундагы Авдеевка шаары үчүн жана айланасындагы кармаш күчөгөн. Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарбайт.

Казак мажилиси ымыркайларды өлтүрүү жана педофилия үчүн өмүр бою абакка кесүүнү биринчи окууда жактырды

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Элнур Бейсенбаев педофилдерди кастрациялоо укугун сактап калуу маселесин көтөрдү. Ички иштер министринин орун басары Игорь Лепеха кастрация кыйноо катары сыпатталарын, Казакстан кыйноого каршы конвенцияга кошулганын белгиледи. Ал ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, кылмышкерди бычуу көйгөйдү чечпесин кошумчалады. Өткөн аптада мажилис жашы жете электерге каршы сексуалдык кылмыш жасап соттолгондордун Казакстанга кирүүсүн, өлкө жарандыгын алуусун чектеген мыйзам долбоорун жактырган. Мындан тышкары, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө катышкан чет элдиктерге коңшу өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Түркмөнстан трансулуттук репрессияларды эң көп жүргүзгөн беш өлкөнүн катарына кирди

Freedom House эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасы көргөзгөндөй, авторитардык өкмөттөр саясий бозгунда жүргөндөр же чет жактардагы диаспора арасында ошол бийликтин көз карашына каршы келген ой пикирди басуу үчүн трансулуттук репрессияларга, жок кылууга жана санариптик тактикага көбүрөөк кайрыла баштады. 2023-жылы эле 25 өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан жасалган трансулуттук репрессиянын 125 учуру, анын ичинде киши өлтүрүү, барымтага алуу, кол салуу, камакка алуу жана мыйзамсыз депортация катталган. Эң көп улуттар аралык репрессияларды жүргүзгөн алдыңкы беш өлкөнүн катарында Түркмөнстандан башка, Орусия, Кытай, Мьянма жана Камбоджа кирген.