Аскар Бешимов Кыргызстандын Непалдагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул милдетти Индиядагы элчилик кызматы менен айкалыштырып аткарат. Резиденциясы Нью-Делиде болот. Тийиштүү жарлыкка 20-февралда президент Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.
Бешимов Индияга былтыр февралда элчи болуп барган. Ага чейин президенттин администрациясынын Изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы болуп турган.
Бешимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоого “Улуттар биримдиги” партиясынын тизмеси менен ат салышуу ниетин билдирген. Бирок кызматка дайындалганына байланыштуу партиянын тизмесинен чыгып, шайлоого катышкан эмес. (SE)
Дагы караңыз
Жеке мектептердеги кыргыз тилине мониторинг жүргүзүлөт Кызыл-Омпол казылат. Кенде кандай элементтер бар? Армия: Үч офицер, бир ишкерди каматкан кайрылуу