Министрлик ЖЭБдеги жылуулук берүү жогорулай баштарын билдирди

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.

Энергетика министрлиги бүгүнтөн баштап Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жылуулук берүүнүн активдүүлүгүн жогорулата баштарын билдирди.

Учурда ЖЭБден Бишкек жылуулук тармагына берилген ысык суунун температурасы +61 градусту түзүүдө.

Акыркы күндөрдөгү суукта Бишкектин айрым тургундары көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук жакшы берилбей жатканына даттанууда. Бишкек жылуулук тармагы менен түзүлгөн абоненттик келишимге ылайык, үй-жайлардагы температура +18дан төмөн түшпөшү керек.

20-февралда министрлик Жылуулук электр борборундагы жабдуулар эскиргендиктен, кызматкерлер күнү-түнү техникалык жумуштарды улантып жатканын билдирген.

2-февралда таңкы саат үч чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, отказандардын көбү өчүп калган. Бир нече күн жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, оңдоп-түзөөдөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. (TSh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Татарстанда Владимир Путин менен жолугат