20-февраль: Кызыл-Омпол кени, Еврошаркеттин Орусияга санкциясы, Курмашеванын абак мөөнөтү

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенине байланыштуу жергиликтүү тургундар менен жолугууда, 19-февраль, 2024-жыл.

20-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бийлик Кызыл-Омполду иштете турганын билдирди

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айтты. Ал кен иштетилсе 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөрүн, Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам өзгөртүлөрүн билдирди. 2019-жылы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү демилгесине жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер каршы чыгып, ал токтотулган. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

“Чет элдик өкүл” долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алынды

20-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар “өкмөттүк эмес уюмдардын ишин чектейт” деп сынга алып келет.

Оң рулдуу машинаны такси катары айдоого тыюу салуу сунушу

Министрлер кабинети оң рулдуу автоунааларды такси кылып, эл жана жүк ташууга тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарды. Расмий түшүндүрмөдө бул жолдогу кырсыктын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатындагы чара экени айтылат. Былтыр Ички иштер министрлиги (ИИМ) оң рулдуу автоунааларды такси кылып айдагандарга 3 миң сом айыппул салууну караган токтом долбоорун иштеп чыккан. Анын негиздемесинде оң рулдуу таксилерге тыюу салынганы менен, аларга жаза каралбаганы белгиленген. Ал токтом кабыл алына элек.

Израил БУУдагы добуш берүү алдында Газаны бомбалоону улантты

AFP агенттиги ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюм башкарган аймактын Саламаттык сактоо министрлигине таянып, акыркы 24 саатта 103 палестиналык Израил армиясынын (ЦАХАЛ) операциясында каза тапканын кабарлады. Дүйшөмбүдө Евробиримдик “тезинен гуманитардык тыныгууга”, Израилди бир жарым миллиондой палестиналык агылып келген Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына басып кирбөөгө чакырды. Израил эгер ХАМАС барымтадагы туткундарды Рамазан айы башталганга чейин бошотпой турган болсо Рафах шаарында операция баштарын эскерткен. Мусулмандардын ыйык Рамазан айы быйыл болжол менен 10-мартта башталат.

Еврошаркет Орусияга каршы санкцияларды бир жылга узартты

Еврошаркет Орусия күч колдонуп, эл аралык укукту одоно бузган учурда, "бардык жазалоочу чараларды күчүндө калтыруу жана зарыл болгон учурда кошумча чараларды көрүү ылайыктуу" деп чечти. 2022-жылдын февралында Москва Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаганда Еврошаркет жооп иретинде санкция салган. Орусия Украинанын Донецк, Херсон, Луганск жана Запорожье аймактарын аннексиялаганын жарыялагандан кийин, ал чаралар кеңейтилген. Европа Биримдиги ошондой эле Орусиядан Алексей Навальныйдын өлүмү боюнча көз карандысыз жана ачык-айкын эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.

Татарстандын Жогорку соту Алсу Курмашеваны тергөө абагында калтырды

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисти Алсу Курмашеванын адвокаты анын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Сот аны четке кагып, 4-апрелге чейин айыпталуучуну абакта калтырды. АКШнын жана Орусиянын жараны, татар-башкыр редакциясынын кызматкери Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Прагадан Казанга барганда кармалган. Ага адегенде "экинчи жарандыгын жашырган", андан соң «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген айып тагылган. Мындай кине менен беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Андан соң Курмашевага орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде жаңы иш козголгон. Журналист тагылган айыптын баарын четке каккан.

БУУ Тажикстанды аялдардын 150 кесипти аркалоосуна тыюуну жоюуга чакырды

19-февралда БУУ тараткан билдирүүдө Тажикстандын Конституциясына ылайык, аялдардын “жер астындагы жумуштарда жана кооптуу шарттарда иштөөсүнө”, 150 кесипти аркалоосуна тыюу салуу кооптонуу жаратат деп эсептейт. Эксперттер белгилегендей, бул жобо кыз-келиндерди ашыкча коргойт жана гендердик стереотиптерге негизделген. Былтыр жыл этегинде кошуна өлкө аялдардын аркалоосуна тыюу салынган кесиптердин санын 334төн 194кө чейин кыскарткан. Тажик кыз-келиндер мисалы жыгач уста, бургулоочу, кенчи, бомба жасоочу, сантехник, электрик сыяктуу ондогон жумуштарда иштей албайт.