Татарстандын Жогорку Соту Алсу Курмашеваны тергөө абагында калтырды

Алсу Курмашева. Казан шаары. 1-февраль 2024-жыл

Татарстандын Жогорку Соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисти Алсу Курмашеваны камакта калтырды. Сот жыйыны 20-февралда видеобайланыш аркылуу өттү.

Курмашеванын адвокаты анын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Судья Ольга Мигунова арызды четке какты.

«Idel.Реалии» редакциясы кабарлагандай, журналисттин камактагы мөөнөтү бир күнгө – 4-апрелге чейин кыскартылды.

АКШнын жана Орусиянын жараны, татар-башкыр редакциясынын кызматкери Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Прагадан Орусияга барып, июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

18-октябрда «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген жаңы айып тагылып, журналист камакка алынган. Мындай кине менен соттолгондор беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Андан соң Курмашевага орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде жаңы иш козголгон. Буга «Idel.Реалии» сайтына "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китептин жарыяланышы себеп экени айтылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу жана көптөгөн эл аралык укук коргоо уюмдары Курмашевага коюлган айыптарды саясий деп атап, көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарына басым көрсөтүү катары баалашкан.

18-декабрда Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Орусияны Курмашеваны «тез арада бошотууга» дагы бир жолу үндөгөн.

Орусиянын белгилүү «Мемориал» укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныган.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.