Окуучулар информатика боюнча эл аралык сынактан алты медал алышты

Кыргызстандык окуучулар. Билим берүү министрлиги тараткан сүрөт.

Кыргызстандык окуучулар 10-12-февралда Румынияда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында үч күмүш жана үч коло медал алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Нарындагы 10-класстын окуучусу Алихан Айдарбеков, Бишкектен 8-класстын окуучусу Ян Бобрус жана 10-класстын окуучусу Абдулазиз Лебиев күмүш медал тагынды. Ысык-Көлдөгү 10-класстын окуучусу Айпери Акжолтоева, Оштогу 8-9-класстын окуучулары жана Абдуллахан Абдирасулов, Байыш Минбаев коло медал тагынды.

Олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышкан. (TSh)

Дагы караңыз

“Чет элдик өкүл” мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алынды