Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча ким күнөөлүү экени аныктала элек

Бишкек жылуулук электр борбору жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборундагы авариялык абалдын жаралышына ким күнөөлүү экенин айтуу азырынча эрте, деп айтылат Министрлер кабинетинин маалыматында.

Кабарга караганда, окуянын себептерин аныктоо максатында курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирген ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ал азыркы тапта штаттан тышкаркы окуя боюнча керектүү маалыматтарды чогултуу боюнча иш жүргүзүп жатат.

Бул комиссиядан тышкары ички ведомстволук техникалык комиссия да түзүлгөнү белгилүү болду, бул топтун чыгарган жыйынтыктары ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна жиберилет.

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, азыркы учурда ведомстволор аралык жана техникалык комиссиялардын иши аягына чыга элек. "Ошондон улам тигил же бул адам күнөөлүү деп жыйынтык чыгаруу эртелик кылат", деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле маалда ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы коомчулукка качан жарыяланары маалыматта айтылган эмес.

Бишкек Жылуулук электр борборунун ошол авария болгон 2-февраль түнү нөөмөттө турган айрым кызматкерлери айрым маалымат каражаттарына берген маектеринде ведомстволор аралык комиссия иликтөөнү от казан жарылды деген версия менен алып баратканын, а иш жүзүндө газ кошулмаларынын кесепетинен авария болгонун, ага далил катары видео материалдар бардыгын айтышкан.

Буга чейин башкы прокуратура тараткан маалыматта алгач башка божомолдор менен катар каралып жаткан "диверсия" же "террордук акт" варианты четке кагылганы айтылган болчу.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, анын кесепетинен борборду жылытуу тармагында авариялык кырдаал түзүлгөн. Бийлик анын кесепеттерин жоюу иштерин курулуш компанияларынын жардамы менен жүзөгө ашырып, техникалык абалын жакшыртуунун үстүндө иштөөдө.

Президент Садыр Жапаров кырсык болгон күнү Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде ЖЭБди толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин айткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров адистер ЖЭБди жарым-жартылай же толук модернизациялоо жолдорун изилдей турганын билдирген.

ЖЭБдеги аварияны изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан дарыланууга Түркияга жөнөтүлгөн.